Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Бишкектеги "Ататүрк" сейил багында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары ага кайрылып жатканын айтты.
Ал паркта жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары карапайм эле адамдар экенин белгилеп, турак жайды бузуу туура эмес экенин билдирди.
"250 батирдин ээлеринде эч кандай күнөө жок. Булар карапайым адамдар, арасында пенсионери, оорулуусу, мамлекеттик кызматкери бар. Ошондо 250 батирде 4төн жашоочу болгондо эле 1000 киши көчөдө калып калабы? Мэрия болсо чыгып кеткиле, жерди бошотуп койгула дептир. Урматтуу төрага, көзөмөлгө албаса болбойт. Бул бөрк ал десе, баш алганга бара жаткандык. Буларда эмне күнөө? Мен жанагы "особняктар" боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок 1000 киши жашаган имаратты бузуу мыйзамсыздык", - деди ал.
Төрага Нурланбек Шакиев шаар мэри Айбек Жунушалиев Москвадагы иш сапарынан келгенден кийин парк боюнча парламентке толук маалымат берерин айтты.