Бүгүн, 8-майдагы парламент жыйынында бир мандаттуу үч округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына болгон кезексиз шайлоодо жеңишке жетип, жаңы мандат алган депутаттар ант берди.
Анда №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан келген Бактияр Калпаев, №7 Ош округунан Бекмурза Эргешов жана №9 Кара-Суу округунан депутаттыкка шайланган Илимбек Кубанычбеков ант берди.
Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы келген депутаттардын иштерине ийгилик каалады.