Кечээ, 7-май күнү Бишкекте футзал боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогунун финалдык беттеши болуп өттү.
Финалдык оюнда "ОшМУ" командасы менен бишкектик "Дордой" командасы кез келип, "ОшМУ" 5:3 эсебинде жеңишке жетти.
Финалдык оюнда Кыргыз футзал тарыхындагы эң кооз голдордун бири жаралды. Анда "ОшМУ" командасынын оюнчусу Каныбек Өмүрсултанов көтөрүлгөн топту өзүнөн ашыруу менен (через себя) дарбазага таамай багыттап, беттешке чекитти койду.
Жыйынтыгында "ОшМУ" командасы Кубокко ээ болду.