2020-жылдан тартып Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Социалдык фонддон билдиришти.
Маалымдалгандай, Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 243 суроо-талап жиберилген. Ал эми анын ичинен 240 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.
Ага ылайык, келишимдин алкагында Түркия Кыргызстандын 1 жаранына пенсия чектеди.