"Өтө оор кесепеттер болгон". ИИМ акыркы коңгуроо салтанатына карата ата-энелерге кайрылды (видео)

Автоунаа айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Ички иштер министрлигинен билдирди.

ИИМ 25-майда мектептерде акыркы коңгуроо салтанатында бүтүрүүчүлөрдүн жолдогу коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарына кабылууларын алдын алуу максатында ата-энелерге, унааны ижарага берген ишкерлерге кайрылып, аларга унааны бербөө керектигин эскертет.

"Айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат. Анткени анын кесепетинен өспүрүмдөр да жаракат алган учурлар болгон. Анын ичинен оор жана өтө оор кесепеттер менен коштолгон фактылар да катталган.

Азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат жана айдоого укугу жок айдоочу унаа башкарган учурда унаасын убактылуу айып аянтчасына токтотуп коюу менен 15 миң сом айып салынат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан