Эртең Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылат

Эртең, 9-майда майрамдык иш-чараларга байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Маалыматты шаардык кайгуул кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, төмөнкү көчөлөрдө убактылуу кыймыл токтойт:

Фрунзе көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Шопоков көчөсү, Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Ибраимов көчөсү, Чүй проспектисинен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүнө чейин унаалардын кыймылына жабык болот.

Маалымат үчүн: Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 79 жыл толду. Эртең саат 10:00дө Жеңиш аянтында Өчпөс отко гүл коюу менен митинг-реквием болот. Ошондой эле майрамдык концерт уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан