Ысык-Көлдө курулмалардын коопсуздугу, орнотулган суу курулмаларынын мыйзамдуулугун аныктоо максатында тирөөчтөрдүн техникалык абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Мамлекеттик курулуштан билдиришти.
Маалымдалгандай, анда мыйзамсыз жана авариялык абалдагы объектилер аныкталып, бузуу тууралуу эскертүүлөр берилди.
Ага ылайык, "Университет" пансионаты өзүнө тиешелүү пирсти өз ыктыяры менен бузуу иштерин баштады.