"Бакай Банктын" алдындагы Ислам каржы борбору кичи ажылыкка сертификат ыйгарды   

Ыйык Орозо айында "Бакай Банк" BakAi тиркемесинде жаңы, уникалдуу ислам каржы режимин ишке киргизди. Анда шариат принциптери боюнча банк кызматтарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мындай саамалыктын урматына "Бакай Банктын" алдында иш алып барган Ислам каржы борбору кичи ажылыкка эки кишилик сертификатты утуш оюнуна койду.

Умрага жолдомо боюнча утуш оюну Банктын жана ИКБнын социалдык тармактагы баракчаларында өткөрүлдү. Анын бактылуу ээси ишкер Арзымат Азык уулу болду. Жеңүүчү Банкка ыраазычылык айтып, мындан ары да ийгиликтер болушун каалады.

Утуш ээсине сертификатты "Бакай Банктын" алдындагы Ислам каржы борборунун шариат кеңешинин мүчөсү, саясат таануу жана Ислам изилдөө илимдеринин доктору Кадыр Маликов тапшырды. Сыйлыкты тапшыруу аземинен соң Маликов BakAi тиркемесиндеги исламдык каржылоо тууралуу пикирин айтты.

Исламда киреше алуу шариат жолу менен гана болушу керектигине өтө чоң маани берилет. "Бакай Банк" исламдык каржылоо принциптерине негизделген тиркемени иштеп чыкты. Анда ар бир колдонуучу каалаган продуктуну тандап, керектүү операцияларды ишке ашырууда анын шариат жолдоруна ылайык келерине ишене алат. Биздин кеңеш бардык продукту жана операцияларга көзөмөл кылуу менен алардын ислам нормаларына дал келишине кепилдик берет”, - деп белгилеген Кадыр Маликов.

Эске салсак, "Бакай Банктын" алдындагы Ислам каржы борбору – 2018-жылдан бери Кыргызстандагы жана КМШдагы биринчи исламдык терезе. Бардык каалоочулар шариат принциптери менен жүргүзүлгөн каржылык кызматтардан пайдалануу үчүн келе алышат. Мисалы, “Мудараба” депозитин ачуу үчүн же “Мурабаха” каржысын алуу үчүн.

ИКБ ишмердүүлүгүн КРнын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамына, КРУБдун нормотивдик-укуктук актыларына жана Бухгалтердик эсеп жана ислам каржы мекемелеринин аудити (БЭИКМА) уюмдарынын шариат стандарттарына ылайык жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан