Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышууда

Бүгүн, 8-майда Садыр Жапаров Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жыйын Кремлдин Чоң сарайында Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы алдында өтүүдө. Анын ишине Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекет башчылары – президент Садыр Жапаров, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин жана Евразия экономикалык биримдигинин комиссиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышууда.

Ошондой эле уюмга кирген өлкөлөрдүн лидерлери түзүмдүн 10 жыл ичинде жасалган ишинин жыйынтыгын чыгарып, келечегин аныкташат.

Ага ылайык, ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Орусиянын президенти Владимир Путин тосуп алды. Андан соң жыйын делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат.

"Отурумдун жүрүшүндө тараптар интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүнүн перспективаларын талкуулашат, “2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө" 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана "2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат", - деп айтылат маалыматта.

Кеңейтилген жыйынга байкоочу мамлекеттердин - Куба менен Өзбекстандын башчылары чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан