Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жана оруктун ардагерлери сыйланды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошовдон кабар алып, Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Ош мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, калаа башчы президенттин 100 миң сомун жана Ош мэриясынын акчалай сыйлыгын тапшырды.

"Мэр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине ар дайым өзгөчө көңүл бурулуп, керектүү бардык жардамдар берилерин айтты. Согуш ардагерине ден соолук жана бакубатчылык тилеп, дайыма мэрия тараптан камкордук көрсөтүлөрүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Касымбай Жолдошов 99 жашта, учурда Ош шаарындагы жалгыз согуш ардагери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан