Төрага Шакиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине 200 миң сом тапшырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кечээ, 8-майда Жеңиш майрамын утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Туркенакун Бейшембаевдин үйүнө барып, кабар алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, төрага ардагерди Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктап, дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук тиледи. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровдун фондунан бөлүнгөн 100 миң сомду жана өз фондунан да 100 миң сом тапшырды. Андан тышкары ардагерге ала барган белектерин ыйгарды.

Ал эми ардагер Туркенакун Бейшембаев ыраазычылыгын билдирип, мекенибизге тынчтык, ынтымак тиледи.

Белгилей кетсек, Туркенакун Бейшембаев 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, ар кайсы фронттордо күжүрмөндүк менен душмандарга каршы күрөшкөн. Көрсөткөн эрдиги үчүн Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени баштаган бир катар сыйлыктарга татыган. Согуштан кийин Тоң райондук сактык кассасынын башчысы, андан кийин мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Алты баланы тарбиялап өстүргөн аксакал азыркы тапта небере-чөбүрөлөрүнүн кадырлуу чоң атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан