Өкмөт башчы ардагер Аспек Жумашевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Бүгүн, 9-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, өкмөт башчы ардагер Аспек Жумашевди Жеңиш күнү менен куттуктап, анын көрсөткөн эрдигине, кайраттуулугуна жана баатырдыгына ыраазычылык билдирди.

Ардагерге чың ден соолук жана бакубатчылык каалап, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атынан ардагерге 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Аспек Жумашев 1924-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кызыл-Берлик айылында туулган. 1942-жылы армияга чакырылган. Ардагер II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан