Чолпон-Атада өтүп жаткан көк бөрү турниринин Биринчи Лигасында "Талас" командасы чемпион болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Билдиргендей, бүгүн, 9-майда "Талас" командасы "Ысык-Ата" командасы менен финалда беттешип, атаандашын 4:2 эсебинде жеңип алды. Эми аталган команда кийинки оюндарын Жогорку Лигада өткөрөт.
Белгилей кетсек, 9-май Улуу жеңиш күнүнө карата "Жеңиш кубогу-2024" аталышындагы көк бөрү оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жатат.