Президент Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты  

Бүгүн, 9-майда президент Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди.

"Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь - Александр Лукашенко, Казакстан - Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан - Садыр Жапаров, Орусия - Владимир Путин, Тажикстан - Эмомали Рахмон, Түркмөнстан - Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан - Шавкат Мирзийоевдер катышты", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Кубанын президенти Мигель Диас-Канель, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит жана Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбалолор да чакырылган.

Мындан тышкары мамлекет башчылары Александр бакчасындагы "Белгисиз Солдаттын" мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан