Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө унаа башкарууга тыюу салынат

Айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө унаа башкарууга тыюу салынат. Коопсуздук биринчи орунда болушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 25-майда Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтөт. Буга байланыштуу, Ош шаардык милициянын кайгуул кызмат бөлүмү бүтүрүүчүлөрдүн жолдогу коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарына кабылууларын алдын алуу максатында ата-энелерге, унааны ижарага берген ишкерлерге кайрылып, аларга унааны бербөө керектигин эскертет.

"Айдоого укугу жок бүтүрүүчүлөргө автоунаа берүүгө тыюу салынат. Анткени, анын кесепетинен өспүрүмдөр да жаракат алган учурлар болгон. Анын ичинен оор жана өтө оор кесепеттер менен коштолгон фактылар да катталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мас абалында унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Ал эми айдоого укугу жок айдоочуга 15 миң сом айып пул салынып унаасы айып короого коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан