Кечээ, 9-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди. Өткөн жылдардан айырмаланып быйыл Жеңиш күнүндө "Өлбөс полк" жүрүшү өткөн жок. Ага карабай майрам мыкты деңгээлде өттү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери бар. Алардын ичинен тогузу Чүйдө. Аталардын бейпил жашообуз үчүн кылган эрдиктери эч качан унутулбайт!
Майрамдык иш-чараны чагылдырган видеорепортажды SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүз.