Бүгүн, 10-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 миллиард 923 миллион метр кубду түздү. Мындай маалымат "Электр станциялары" ААКсынын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка таянсак, учурда суунун агып кирүүсү секундасына 578 метр кубду, ал эми суунун агып чыгышы 178 метр кубду түзүүдө.
Мекеменин сайтында былтыр бул күнү суу сактагычта 8 миллиард 175 миллион метр куб суу топтолгону көрсөтүлөт.