"Эч ким уурдай албайт". Садыр Жапаров интернетте тараган алтын боюнча видеого комментарий берди

Президент Садыр Жапаров интернетте тараган “Кыргыз алтынын чет өлкөгө жашыруун чыгарып кетүүдө” деген видео боюнча комментарий берди. Бул тууралуу өлкө башчы "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде сөз кылды.

Айтымында, өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге видео-камералар коюлган жана баары онлайн режимде көзөмөлдө турат.

"Ал видеону көрүп, менин күлкүм келди. Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт.

Өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видео-камераларды коюп, баарын онлайн режимге (санарипке) киргизип койгонбуз. Күнү-түнү дебей видео тасмага тартылып, компьютерге жазылып турат. Аны миңдеген адистер түз эфирде карап олтурушат. Ал видеолор сакталат. Бирөө жарым бир грамм алтын уурдайт деген эч кимдин түшүнө да кирбейт. Муну баары жакшы билишет.

Эгер кокус эле кимдир бирөө жолун таап мамлекеттик мекемелерден бир килограмм алтын уурдап кармалса, мейли ким болбосун, жүз эсе кылып мамлекетке кайтартабыз.

Мындай кайтаруу иштери бир эле алтын кен тармагында эмес, башка тармактарда да болуп жатканын өзүңүздөр жакшы билесиздер.

Ал эми менин бир туугандарым, үй-бүлөм чет өлкөлөргө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка ташып атышат.

Мен канча убакыт президент болуп олтурам билбейм, аны бир Кудай өзү билет. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип жатканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсыл тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем.

Ошондо көп чындыкты билесиздер. Азырынча айтпай турайын. Кыскасын айтсам, биз бүгүнкү бийликте олтурган командабыз жана бир туугандарыбыз менен өлкөдөн чыгарып кетүү эмес, өлкөбүзгө ташып келүү менен алекпиз.

Мисалы, мага чейин жана мен бийликке келгенден баштап алтындан кандай пайда алганыбызды статистикалык маалыматтар, сандар менен айта кетейин. Ушундан эле мурда кандай уурулуктар болгонун өзүңүздөр жыйынтык чыгарсаңыздар болот. Азыр мурдагыдай уурулук токтогон.

“Кыргызалтындан” 2020-жылга чейин таза киреше болгону 340 миллион сом гана болгон.

2021-жылы дароо эле 2 миллиард 700 милллион сомго көтөрүлгөн.

2022-жылы 5 миллиард 600 миллион сом болду.

2023-жылы 12 миллиард 600 миллион сомго жетти.

Мындай сандар бир эле “Кыргызалтын” менен “Кумтөрдө” эмес, бажы менен салык системасында дагы ушундай көтөрүлдү.

Демек, кайсыл убактарга чейин кайсыл тармактарда уурдалып келгенин өзүңүздөр баамдап алыңыздар. Ал эми “Кумтөрдүн” алтыны боюнча кеп кылсак, таптакыр эле башка сөз.

Эгемендик алган жылдарыбыздан бери 2020-жылга чейин улуттук запасыбыз болгону 16 тоннага жеткен. Бүгүнкү күндө биздин улуттук запасыбыз 52 тоннаны түзөт.

Бул биздин акыркы үч эле жылда жетишкен ийгилигибиз. Жылдын аягына чейин бул сан дагы жогорулайт. Ошондуктан ар кандай жасалма видеолорго ишеничтин кереги жок. Убакыт баарын өз ордуна коёт.

Азыр жасалма интеллект менен ар бир адамдын үнүн окшоштуруп видео жасап коё берсе болот. Мен былтыр биринчи жолу менин үнүм менен реклама жасап койгон видео-материалды көрүп, таң калгам. Пресс катчыма телефон чалып, - Мен качан, кайсыл жерден ушинтип сүйлөдүм эле?”, - деп сурасам, “Бул компьютер аркылуу, “жасалма интеллект” менен жасалган видео экен”,- деп жооп бергенден кийин билгем. Азыр технология ай сайын эмес, саат сайын өнүгүп жаткан мезгил. Ошондуктан ар бир маалыматты ар бир адам өзү талдап, андан кийин ишениш керекпи же жокпу өзү билиши керек" деп жооп берген өлкө башчы.

Ошондой эле Жапаров журналисттин "Сиздин бир тууган агаңыз Сабыр Жапаров кайсы бир өлкөдө алтындын куймасын кармап түшкөн сүрөтү бар эле го? Ошол сүрөттү коюп, биздин алтынды чет өлкөгө сатып жатат деген кепти айтып жатышпайбы? Бул боюнча кандай жооп бересиз?" - деген суроосуна жооп берген.

"Ал сүрөт боюнча мен буга чейин эле жооп бергем. Бирок дагы бир жолу элге маалымат үчүн жооп берип коёюн. 2021-жылы биз “Кумтөрдү” мамлекетке алгандан кийин дароо эле чет өлкөлүк, тагыраагы, эл аралык алтын саткан LBMA уюму биздин алтынды экспортко чыгарууга тыюу салган. Ошол мезгилде бизге дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кайсы өлкөлөрдөн келишип, “силерден алтын сатып алабыз, бизге арзан баада бергиле” деп сунуштарын бере башташкан. Мага да, өкмөткө да көптөгөн сатып алуучулар келип турушкан. Иши кылса сатып алуучулар жайнап кетишкен.

Ошондо бир тууган агам Сабыр Жапаровду түркиялык алтын менен иштеген бизнесмендер чакырып, өздөрүнүн алтын заводун көргөзүшкөн экен. Алар деле силердин алтынды биз сатып алалы, арзаныраак бергиле дешкен. Ошол жерде түшкөн сүрөтү экен. Эгер ичинде кенедей бир арам ою болгондо, ал жерде алтын кармап сүрөткө түшмөк эмес да.

Бирок ошентсе да ал окуя боюнча агама: “Сиз мамлекеттин ишине кийлигишпеңиз. Мамлекет өзү чечет”,- деп абдан катуу айткам. Албетте, ошол кезде мен жаңы бийликке келип, иштерибиз жакшы жылбай жатса, агамдын деле мамлекеттин иши алдыга жылып кетсе экен деген жакшы ою болгон.

Бирок биз ошол мезгилде бир жыл бою бир килограмм да алтын саткан эмеспиз. Алтындын баарын Улуттук банкта сактап турганбыз. Кийин “Центерра” менен тил табышып, “Кумтөрдү” алып, жакшынакай эки жолго түшкөндөн кийин, мурдагыдай эле, Улуттук банк аркылуу дүйнөлүк баада сата баштаганбыз. Азыркыга чейин алтындарыбыз дүйнөлүк биржада сатылып жатат", - деген президент.

Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесинде атайын кутуларга салынган алтын куймаларга окшош зат тартылган видео тараган. Анда кыргызча-орусча сүйлөп жаткан киши алтынды чет жактан тосуп алып, кайсы бир адамга отчёт берип жатканын көрүүгө болот.

Буга байланыштуу 8-майда УКМК комментарий берген. Анда видеотасма чагымчыл экени айтылып, аны чет жакта жүргөн, аларга карата мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон айрым жарандар тартылганы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан