Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды

Бүгүн, 10-майда Бишкектин Биринчи май районундагы №27 орто мектебинде Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, ачылыш аземине Биринчи май районунун башчысы, ардагерлер кеңешинин төрагасы, Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин карындашы, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы, ооруктун эмгекчилери, Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери, ата-энелер коомчулугу жана мектеп окуучулары катышты.

Музейдеги согуш даңк залын уюштурууга жана Чолпонбай Түлөбердиевдин бюстун орнотууга муниципалдык администрация тарабынан акча каражаты бөлүндү.

Аталган музейди түзүүнүн максаты - баатырдык баракчалардын тарыхый эстелигин сактоо, ошондой эле жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо жана өнүктүрүү болуп саналары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан