Быйыл Кытайга 10 миң тоннага чейин гилас экспорттоо күтүлүүдө

Быйыл Кытайга 10 миң тоннага чейин гилас экспорттолушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн жыйында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жыйынга гилас өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар катышты.

Анда гиласты өстүрүү, түшүм жыйноо, калибрдөө, ташуу, зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо чаралары боюнча маселелер талкууланды.

"Анын жыйынтыгында быйылкы жылы Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына 10 миң тоннага чейин гиласты экспорттоо каралууда", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан