Ылайыктуу коммерциялык жайды кантип тандоо керек: Elite House компаниясынан кеңеш

Ар бир бизнестин ийгилиги көптөгөн факторлордон, анын ичинде анын жайгашкан жеринен көз каранды. Туура тандалган имарат кардардын көбүрөөк тартылышына шарт түзүп, иштин натыйжалуулугун жогорулатат жана кирешени көбөйтөт.

Elite House курулуш компаниясы заманбап турак жай комплекстеринен даяр коммерциялык жайларды сатып алуунун артыкчылыктары жөнүндө айтып берди.

Биринчиден, бизнес үчүн имаратты тандоодо эске алуучу нерсе — бул жайгашкан жери. Elite House компаниясынын көптөгөн сунуштарынын ичинен борбор калаанын түштүк бөлүгүндөгү жана Бишкектин борборундагы коммерциялык жайларды бөлүп көрсөтүүгө болот. Ишкерлер биринчи сызыкта ыңгайлуу жайгашкандыгын, унаалардын ири трафигин жана өнүккөн инфра түзүмүн баалайт – кардарлар менен кызматкерлердин ыңгайлуулугу үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар.

Мындан тышкары, имараттын көлөмү жана жайгашуусу сиздин бизнестин муктаждыктарына дал келиши керек. Мисалы, "Континенталь" турак жай комплексинде аянты 107ден 450 м2ге чейинки жайлар бар. Кире бериши өзүнчө, бийик шыптар жана бизнестеги муктаждыктарыңызга оңой ыңгайлаша турган ачык мейкиндик – Elite House имаратында сизди күтүп жаткан артыкчылыктардын бир бөлүгү гана.

Имараттын абалы коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Elite House объекттери бардык курулуш ченемдерине жана талаптарына ылайык курулган. Ал эми имараттардын эстетикалык көрүнүшү жана жасалгаланган аянттары сиздин конокторуңузга жакшы таасир калтырат.

— Биз жагымдуу ишкердик жагдайды камсыз кылуу канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз, - деп белгиледи компаниянын башкы директору Улугбек Файзиев.

— Эгерде, сиз жеке бизнесиңизди жаңыдан баштап жатсаңыз же учурдагы бизнесиңизди кеңейтүүнү кааласаңыз, Elite House сизге кыска убакыттын ичинде киргенге даяр коммерциялык жайларды сунуштайт.

0555 50 50 50 номерине чалыңыз же компаниянын кеңсесине: Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/1, "Ордо" бизнес-борбору, 7-кабат дарегине кайрылыңыз. Elite House командасы сиздин бизнес үчүн мыкты вариантты тандоого жардам берет.

Elite House — 10 жылдык туруктуулук!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан