Ошто 12-майда саат 08:00дөн 10:30га чейин “Amanat Run” эл аралык чуркоо боюнча жарым марафонуна байланыштуу унаа жолдордун бир тарабы жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Ош мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, төмөнкү жолдор жабылат:
- Ленин көчөсү (борбордук аянт) - Б.Нурматов көчөсүнө чейин; - Тилеке баатыр көчөсү - Ж.Шамшиев (“Дельфин” бассейни) көчөсүнө чейин; - Сай-Бою көчөсү - С. Супаналиев (А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадион) көчөсүнө чейин;
- Ленин көчөсү (борбордук аянт) - С. Бахапов (Юго-Восток кичи районундагы көпүрө) көчөсүнө чейин; - Н. Исанов көчөсү – А. Шакиров көчөсүнө чейин;
- А. Масалиев көчөсү - Р. Абдыкадыров (Домбыта көпүрөсү) көчөсүнө чейин.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн Ош мэриясы шаар тургундарынан кечирим сурайт.