БШК Бишкектеги Свердлов шайлоо округунда кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштады  

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-майдагы отурумда президентке Бишкектеги №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөрүүнү сунуштады.

БШК 7-майдагы отурумда Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыраткан. Анда мындай чечим соттордун чечимдерин аткаруу максатында кабыл алынганы белгиленген.

Жогорку сот 30-апрелде ага чейинки эки инстанциянын Атазовду мандаттан ажыраткан чечимин күчүндө калтырган.

Андан тышкары Жогорку соттун басма сөз кызматы соттук коллегия БШКнын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечими жокко чыгарылганын билдирген. Башкача айтканда, Муртазалиевдин алган добушу жарактуу деп табылган.

Эске салсак, Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке 2022-жылы Свердлов районунан депутат болуп шайланган. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгында аталган округ боюнча Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добуш алган, бирок БШК добуштарды сатып алуу фактысынан улам анын каттоосун жокко чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-05-15 22:50:00
Мына бул сакалчаныңар шайланып калса Кыргызга өмүрү күйбөйт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан