Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын акталышына реакция жасады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, сот тарабынан акталган активист, саясатчылар боюнча үн катты.

"Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров соттун чечимине эч кандай тиешеси жок экенин баса белгиледи.

"Албетте, менин эч кандай тиешем жок. Сот – бийликтин өзүнчө бир бутагы. Мен башынан бери эле соттун ишине кийлигишкенге эч кимдин акысы жок деп айтып келе жатам го. Соттун чечимине баарыбыз баш ийишибиз керек. Ал мыйзамдуубу же жокпу, аны сындаганга да акыбыз жок. Сот кандай чечим чыгарбасын, ал туурабы же туура эмеспи, макул болушубуз керек", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан