Өзбекстанга тишешелүү каналдан суу ташып, айылдагы үйлөрдү каптап кетти. Мындай билдирүүнү ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кайтпас айылынын тургуну кабарлап, селдин кесепеттерин жоюу иштери аткарылбай жатканына нааразы болду.
"Кыргызстандын аймагынан өткөн Өзбекстанга тиешелүү канал бар. Сел сууларынын кошулушунан улам каналдагы суу ташып, үйлөрдү каптап кетти. Биз турган жер Өзбекстандан алыс эле, болгону канал коңшу өлкөгө карайт. Суу каптоону тосуш үчүн келген экскаватор тыгылып калды. Көмөк көрсөтүү үчүн башка техникалар келген жок. Азыр эч кандай бийлик тараптан жардам боло элек. ӨКМ дагы келе элек", - деп билдирди ал.
Ошондой эле тургун каналдын боюндагы атайын техникалар кире турган жол жергиликтүү тургундар тарабынан тосулуп калганын айтып, тиешелүү кызмат муну дагы текшерип берсе дейт.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.