Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү документке өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Тургунбаев кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу алынган.
Ал бул министрликти 2023-жылдын март айынан бери жетектеп келген.