Орусиянын дагы бир облусунда мигранттарга такси айдап иштөөгө тыюу салынды

Орусиянын Томск облусунун губернатору Владимир Мазур өзүнүн жарлыгы менен эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Ал мындай чечимди "улуттук диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда" кабыл алганын Телеграм каналына жазган.

Кабыл алынган эреже 1-ноябрдан баштап ишке кирет. Анда Томсктогу мигранттар тамак-аш өндүрүүдө, чекене соодада, коомдук транспортто жана таксиде, мейманкана жана ресторан бизнесинде иштей алышпайт.

Мазур аймактын ишканаларынан өз кызматкерлерин жаңы эрежелерге алдын ала ылайык келтирүүнү суранды.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын ондон ашык облусунда мигранттарга такси кызматында иштөөгө тыюу салынган, анын ичинде Новосибирск, Тула, Калуга, Челябинск облустары, Камчатка, аннексияланган Крым жана Якутия бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан