Бишкек мэриясы сабактар саат 7:30да баштала турган мектептердин тизмесин жарыялады 

Бишкекте сентябрдан тарта жалпы 44 мектепте сабактар 7:30да башталат.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиргендей, буга чейин борбордогу 14 мектепте окуу эртең мененки саат 7:30да башталчу: 69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67.
Эми жаңы окуу жылында дагы 30 мектепте сабактар 7:30да башталмай болду. Алар: 6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, Лебединовкадагы №1 гимназия-мектеби.
Бишкек мэриясы ата-энелерге унааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын, эреже бузгандар айыпка жыгыларын эскертти.
Белгилей кетсек, тыгындарды азайтуу максатында мектептерде саат 8:00гө чейин, ал эми жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана колледждерде 10дон кийин окууну баштоо чечими чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан