Ош шаарындагы жаңы базарга электр мамычалары орнотула баштады

Ош шаарында селден улам башка аймакка жылып жаткан муниципалдык базарда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Жер тилкесинде курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары орнотулуп, чубалгылар тартыла баштады. Бул туурасында бүгүн, 26-июлда мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, шаар башчысы Бакытбек Жетигенов Осмонов көчөсүндө жүрүп жаткан муниципалдык базардын курулуш иштерин көрүп чыкты.

“Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылган. Жаңы муниципалдык базарга төрт тараптан жаңы кошумча жолдорду ачуу каралган. Бул жерде соодагерлер үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп берилет”, - деп белгиленген маалыматта.

Белгилей кетсек, 14-июлда катуу жаандан улам Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Ош шаарында сел жүргөн. Ош шаарында Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды каптаган. Анда базардагы буюм-тайым, товарлар, атүгүл унааларга чейин суу агызып кеткен.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаары жана облусу боюнча селден жабыркагандардан кабар алып, базардагы соодагерлердин ар бирине 100 миң сомдон бериле тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан