Иранда журналист өлүм жазасына тартылды

Ирандын Ислам революциялык соту күрт журналисти жана саясий активисти Пахшан Азизини өлүм жазасына өкүм кылганын Hengaw укук коргоочу уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, журналист "козголоң" жана "өкмөткө каршы куралдуу көтөрүлүш чыгарган топторго мүчө болуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал ошондой эле Күрдистан эркин жашоо партиясына катышканы үчүн төрт жылга кесилген.

Ошол эле учурда Пахшан Азизи телефон чалуулар жана үй-бүлөсү менен жолугушуу укугунан ажыратылган. Бир күн мурун аял уюмга ачык кат жолдоп, анда ал көптөгөн кыйноолорго жана куугунтуктарга кабылганын айткан.

Иш боюнча угуулар май жана июнь айларында болгон, бирок бул тууралуу ирандык адвокатка 24-июлда гана кабарланган.

Эвин түрмөсүнүн аялдар бөлүмүндөгүлөр Азизинин өлүм жазасына каршы чыгып, камераларына кирбей жатышканы кабарланды.

Пахшан Азизи Ирандын атайын кызматтары тарабынан 2023-жылдын 4-августунда камакка алынган. Ошол эле жылдын декабрь айында ал Эвин түрмөсүнүн 209-бөлүмүнөн сотсуз эле ошол эле абактын аялдар бөлүмүнө которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан