Имане Хелиф жана Бусе Наз Чакыроглу
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында талаштуу бокс беттеши күтүлүүдө. Акыркы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси түркиялык Бусе Наз Чакыроглу кыз-келиндер арасында 50 килограмм салмакта бокс боюнча чейрек финалда алжирлик Имане Хелиф менен беттешет.
Чакыроглу мексикалык Фатима Эррераны 5:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга ишенимдүү өттү. Аны трибунадан Олимпиада чемпиону жана жердеши Бусеназ Сурменели колдоп турду.
Бирок Хелифтин мындан ары мелдештеги жүрүшүн улантуусу талаштуу. Ал 2023-жылы гендердик стандарттарды сактабагандыктан Дүйнөлүк чемпиондукка катышуу укугунан ажыратылган. Хелифте тестостерондун деңгээли жогору экени аныкталган. Ага карабай 2024-жылкы Олимпиадага катышууга уруксат берилген.
Хелиф оюндардагы биринчи беттешинде италиялык Анжела Карини 46 секундда жеңип алды. Бул социалдык тармактарда сындын жаңы толкунун жаратты.
Чакыроглу менен Хелифтин ортосунда боло турган мушташуу, спорттогу калыстык жана гендердик шайкештик боюнча суроолорду жаратып, олимпиадалык бокс турнириндеги эң көп талкууланган окуялардын бири болуп калышы мүмкүн.