Кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын чейрек финалында жеңилип калды.
Чейрек финалда кыргыз балбаны америкалык Спенсер Ли аттуу балбан менен кез келип, 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип калды.
Эми америкалык балбан финалга чыга турган болсо Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.