Бишкектин четиндеги Учкун-2 конушунун жашоочулары "Манас" эл аралык аэропортуна кеткен жолду тороо үчүн чогулушту. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө конуштун тургундары билдиришти.
Алардын айтымында, 3-4 күндөн бери конушта таза суу чыкпай жатат.
"Аким таза суу көйгөйүн чечип, конуштагы ички жолдорду оңдоп беребиз" деген. Бирок эч аракет кылбай жатышат. Ушул күндүн ысыгында таза суу жок. Биздин конушта көйгөйлөр абдан көп, участоктор 1 эмес, 2, 3 адамга сатылып кеткен.
Автобустар токтобойт, шаардан келе жатканда конуштун тушуна токтобой, аэропортко чейин алып кетип калышат. Жок дегенде аялдама коюп берип коюшса, биздин конушту такыр эле карабай жатышат. Мына эми бүгүн эл аргасыздан жол тосууга чыкса аким 20 мүнөттө учуп келди. Ал мурдагыдай эле "2-3 күндө суу чыгарып беребиз" деген убадасын берип кетти. Конушта азыр жуунмак түгүл, ичкенге суу жок", - деди конуштун тургуну Азамат Шабиев.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.