11 журналисттин иши: Сот залында талаш чыкты (видео)

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча сот отуруму уланууда.

Айыпталуучулардын баары сот залына кайрадан алып келинди. Бирок көпчүлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү сот залына кире албай калышты. Күч органдарынын кызматкерлери журналисттерди жана айыпталуучулардын жакындарын залда орун жок деген жүйө менен киргизбей койду. Мындан улам ортодо талаш чыкты.

Бир аздан соң судья Кылычбек Истамкулов кеңешүү бөлмөсүнөн келип өкүмдү угузат.

Буга чейин 26-сентябрдагы отурумда прокурор 11 журналисттин ар бирин 6 жылдан абакка кесүүнү жана үй камагына чыгарылган журналисттерди сот залынан камакка алууну суранган.

Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылышкан.

11 журналисттин соту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан