Нарын облусунун Ак-Талаа районунда түшүм майрамына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтүп, мелдештен кийин ак-талаалыктар белгилүү улакчы Дастан Руслановго Дубай шаарына эс алууга жолдомо беришти.
Оюндар бүгүн, 3-ноябрда өттү. Анда Тоголок-Молдо менен Жогорку-Май айылдары финалга чыгып, финалда Жогорку-Май айылы жеңишке жетип, баш байге Daewoo Nexia унаасын утуп алган.
Финалдык оюнда Дастан Русланов 4 салымдын үчөөнү салган.
Оюндан кийин Ак-Талаа эли белгилүү улакчыга Дубайга 10 күнгө эс алуу жолдомосун беришкен.