Таласта малчы эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Талас ОИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, Бакай-Ата РИИБге кечээ, 9-ноябрда саат 23:00 чамасында Бакай-Ата районунун тургуну 1963-жылы туулган А.Т. ошол эле күнү саат 07:00 чамасында Кең-Арал айылына караштуу Коргон-Таш жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган жаранды милиция тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада бүгүн, 10-ноябрда таңкы саат 07:00 чамаларында Талас районунун Нылды өзөнүндө Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен эки кишинин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.
Жансыз денелерге кароо жүргүзүү учурунда Бакай-Ата районунун 1963-жылы туулган А.Т. жана 1964-жылы туулган Т.М. аттуу тургундары экендиги аныкталган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин бети милиция тарабынан изи сууй электе ачылып, шектүү катары каза болгон А.Т. аттуу жарандын малчысы, Талас районунун тургуну 1982-жылы туулган С.С. аттуу жаран кармалган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү С.С. менен А.Т. ортосунда карызга байланыштуу пикир келишпестик орун алып, натыйжасы адам өлүмү менен коштолгону белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.