SUPER.KG порталынынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Падек айылынын тургуну кайрылып, айылдагы мектеп окуучуларды басып калуу коркунучунда экенин айтты.
Анын айтымында, курулушу 2020-жылы бүткөн Токтосун Жоробаев атындагы орто мектеп кайра авариялык абалга келип калган.
"Күзгү каникулдан кийин ата-энелер чогулуп жатабыз. Балдарыбызды мектепке жибербей туруу маселесин караштырабыз. Себеби басып калуу коркунучу бар", - деди айыл тургуну.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.