Сот "Социал-демократтар" партиясынын БШКнын чечими боюнча берген арызын канааттандырган жок

Бишкектин Административдик соту "Социал-демократтар" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, кечээ, 21-ноябрда аталган партиянын шайлоодон четтелиши боюнча БШКнын чечими Административдик сотто каралып, арыз канааттандырылган эмес.

Эми Административдик соттун чечими боюнча Жогорку сотко арыз жолдой тургандыгын партия мүчөсү Кадыр Атамбаев "Азаттыкка" билдирди.

Белгилей кетсек, добуш сатып алууга шектелип кармалган "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер камакка алынгандан кийин БШК аталган партияны шайлоодон четтеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан