Кыргызстандын парадзюдо боюнча курама командасы Астанада өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, спортчулар аталган мелдеште бир алтын жана эки коло медель жеңген.
Кыз-келиндер арасында 46 килограмм Фердауза Убакирова өз салмагында Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ал эми Надежда Рак (60 килограмм) жана Улукбек Марсбек уулу (64 килограмм) коло медалга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.