"Кредитибизди кечсе, ала бергиле!" Жарандар Абхазиядан келген унаалардын маселесин чечүүнү суранууда (видео)

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган Ош облусунун тургундары Абхазия, Армения өлкөлөрүнөн келген унаалар айып короого киргизилип жатканын айтып, бийликти буга көңүл бурууга чакырды.

Алар бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен өлкө башчысы Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту.

"Бул унааларды убагында 14-15 миң долларга алганбыз. Эми минтип эптеп оокат кылып, үй-бүлөбүздү багып, кредитибизди төлөп жатсак, МАИ кызматкерлери токтотуп, унааларыбызды камап жатат. Бизден унааларыбызды тартып алсаңар, кантип кредитибизди төлөп, үй-бүлөбүздү багабыз? Мына кайрылып жаткандардын ар биринин миллион, 2 миллион сомдон кредити бар. Эгер банктар бизди түшүнүп, кредитибизди кечип бере турган болсо, анда унааларыбызды ала бергиле, биз ага макулбуз. Бардыгыбыз карапайым эле адамдарбыз, өкмөттөн бир тыйын сурабастан өз арабабызды өзүбүз тартып жүрөбүз", - дейт кайрылгандардын бири.

Алар учурда аталган өлкөлөрдүн номурундагы унааларды камоо менен такси кылгандардын иши токтоп калганын айтышып, мындай иштер элдин жашоосуна оорчулук алып келерин билдиришти.

Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстан Абхазияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү катары тааный турганын белгилеп, мындан улам өлкө Абхазиянын унааларынын номурларын жана башка документтерин тааныбай турганын, андыктан ал өлкөдөн алып келинген унаалар мыйзамсыз экенин айткан.

Армения менен Абхазиядан кирген унааларды каттоодо оорчулук жаралып жатканы коомчулукта байма-бай айтылып келет. Бул маселе парламентте дагы бир нече ирет көтөрүлгөн. Депутат Улукбек Ормонов ал өлкөлөрдөн мурун кирген унаалар үчүнчү, төртүнчү адамдардын колуна өтүп кеткенин, аларда эч кандай күнөө жок экенин айтып, ошол учурда унаалардын өлкөгө кирип кетишине Бажы жана Чек ара кызматтарын күнөөлөгөн. 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев болсо, Абхазиядан мурун кирген унааларды мыйзамдаштыруу демилгесин көтөргөн. Ал мыйзмсыз деп эсептелген номурдагы унааларды карапайым адамдар убагында алып алганын, алар ошону менен тиричилик кылып жатканын белгилеп, мурун кирип калган унааларды мыйзамдаштырууда мунапыс берүү маселесин караштыруу керектигин айткан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

02.12.24
02.12.24
02.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан