Экс-депутат Канат Исаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канат Исаевдин камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 27-январына чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-декабрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан ырастады.

Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 2-декабрда кабыл алган. Анын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү берген.

Эске салсак, Исаев 20-ноябрда УКМКнын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. 22-ноябрда анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралып, ал УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Мурдагы депутат Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо" беренеси менен айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан