Беш жолку Олимпиада чемпиону болгон норвегиялык биатлончу Йоханнес Боё спорттон кеткенин жарыялагандан кийин маалымат жыйынында көзүнө жаш алды.
Норвегиялык биатлончу үй-бүлөсү менен көбүрөөк убакыт өткөргүсү келерин айтты. Ошондой эле ал карьерасы туу чокудан өткөнүн белгилеп, сөзүн жыйынтыктап жатып көз жашын тыя алган жок.
31 жаштагы биатлончу беш жолку Олимпиада, 20 жолу Дүйнө чемпиону болгон.