Токмокто атасынын унаасын айдап чыгып, милициядан качкан өспүрүмдөр кармалды (виедо)

Токмок шаарында ата-энесинин унаасын уурдап качкан өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол тескөөчүлөр Audi үлгүсүндөгү унааны токтоткон учурда айдоочусу баш ийбей качууга аракет кылган. Кайгуул кызматынын кызматкерлери унаанын артынан жетип, текшерүүгө алышканда унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөр өспүрүмдөр экендиги такталган. Ошондой эле ал айдоочулук күбөлүгү жок туруп, ата-энесинин унаасын мыйзамсыз айдап чыккандыгы аныкталды.

ЖКККББ унаа айып короо жайына токтотулуп, өспүрүмдөр милиция бөлүмүнө жеткирилип, ата-энелери чыкыртылганын кошумчалады.

22.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан