Баткенде 5 айдан бери дайынсыз болуп жаткан кыз Суусамырдан табылды

Кызыл-Кыяда 5 айдан бери дайынсыз болуп жаткан кыз Чүй облусунан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 30-августта Кызыл-Кыя шаарынан Айтамга айылына каттаган коомдук маршруттук таксиге отурган, бирок үйүнө барган эмес. Мындан улам апасы 17-сентябрда милицияга арыз менен кайрылып, кызы 2-топтогу майыптыгы бар жаран экенин айткан.

Факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Анын алкагында 20-январь күнү кыз Суусамыр айылында жүргөн жеринен табылып, апасына тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан