Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланууда 

Бишкектеги "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-январда саат 8:00дөн тарта жалпы 85 бирдик техника жана кызматкерлер ишин баштаган.

Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоого 37 МАЗ базасындагы кар тазалоочу машина, 10 Шахман комбинацияланган жол техникасы, 2 фронталдык жүктөгүч, 24 шыпыргы жана күрөктөрү менен Беларус тракторлору , 4 УКМ-2500 универсалдуу коммуналдык машинасы жана 4 шыпыргысы бар Бопкат катышууда.

Ошону менен катар мэрия бир суткада 767 тонна техникалык туз сарпталганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан