Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-январда милицияга Орусиянын жараны арыз менен кайрылган. Ал өткөн жылдын ноябрь айында Кытайдан Li 7 Pro үлгүсүндөгү 2 жана Li 7 Ultra үлгүсүндөгү 1 даана унаа алып келип берүүнү убада кылган адамга "Манас" эл аралык аэропортунан 135 миң 800 доллар бергенин айткан. Бирок ал убадасын аткарган эмес.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кытайдан унаа ташуу менен алектенген "TES Express" компаниясынын 25 жаштагы директору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Келишим боюнча ал жабырлануучуга айтылган автокөлүктөрдү былтыркы жылдын 20-декабрына чейин алып келип бериши керек болчу.