Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов мүчө болгон "Шорндорф" клубу күрөш боюнча Германиянын клубдук чемпиондугун алды. Башкача айтканда, Бундеслигада жеңүүчү болду.
Аталган лигада Махмудов 7 беттеш өткөрүп, анын бешөөндө жеңишке жетти. Ал эми 2 ирет жеңилүү ызасын тартты.
Эске салсак, балбаныбыз "Шорндорф" клубу менен 2023-жылы келишим түзгөн.