
Президенттин иш башкаруучусу
Каныбек Туманбаев Чүй облусундагы "Көчмөн Сити" турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Иш-чара бүгүн, 10-февралда орун алганын ведомстводон кабарлашты.
Билдирүүгө таянсак, курулуш иши Президенттин иш башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп, мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулат.
Анда 20 гектар аянтка жалпысынан 89 блоктон турган көп кабаттуу үйлөр курулат. Бул турак жай комплексинин аймагында 3 мектеп, 4 бала бакча, эс алуучу жашыл зона жана 3 унаа токтотуучу жай болот. Курулуш иштери 2 баскыч менен жүрүп, алгач 3105 батир жана 52 аппартаменттен турган 27 блок курулат. Ал эми экинчи этапта 5605 батир жана 236 аппартаменттен турган 59 турак үйдүн курулушу мерчемделген.
Ошондой эле ар бир блокто коммерциялык жайлар каралган. 59 блоктун жалпы аянты 616 миң 796,62 чарчы метрди түзөт. Ыңгайлуу жашоо үчүн турак жай комплексинин өзүнүн отканасы жана үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо үчүн көмөкчордону болот. 89 блоктун 27си 24 кабатуу ал эми 59у 20 кабаттуу болуп курулат.
Комплекстеги батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жана ошондой эле курулушка 50 пайыз үлүш кошуу шарты менен жарандарга жана ошондой эле атайын квота менен Чүйдүн Күн-Туу айыл өкмөтүнүн тургундарына берилмекчи.