Кыргызстандын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматтан кетти. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Нуржан Шайлдабекова кызматтан өз каалоосу менен кетүүгө арыз жазган. Азырынча кошумча маалыматтар айтыла элек.
Белгилей кетсек, Нуржан Шайлдабекова 2016-жылдан бери БШКнын төрайымы болуп иштеп келет. Акыркы жолу бул кызматка кайрадан 2021-жылдын 2-июлунда Боршайкомдун жаңы курамы түзүлгөндө дайындалган.