"260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды". Улуттук кардиологиядагы чыккан өрт толук өчүрүлдү

Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда чыккан өрт саат 22:33тө өрт чектөөгө алынып, өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен 23:15те толук өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, жабыркагандар болгон жок. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы бейтаптар, ал эми 44ү дарыгерлер.
Жеринде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көзөмөлдөп жүргөндүгү маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, ооруканадагы өрттү өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеби, 2 автошаты тартылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан